Илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор

0

                                                       Гайыпова Бүназарат Абабакировна   ф.и.к
1978-жылы 17-апрелде азыркы Баткен облусуна караштуу, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында төрөлгөн. 2000-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин “Кыргыз тили жана адабияты” адистигин артыкчылык диплом менен аяктаган.
Б.А.Гайыпова эмгек жолун 2001-жылы Бишкек шаарындагы №54-мектепте Мамлекеттик тил мугалими, 2003-жылдан баштап Баткен мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу (2006), кафедра башчысы (2006), илимий кызматкер (2009), окуу бөлүмүнүн башчысынын м.а.(2010), кафедра башчысы (2010-2013) кызматтарда иштеген. Бүгүнкү күндө (2013-2016) Баткен мамлекеттик университетинин Илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору кызматында иштеп келе жатат.
Илим-изилдөө жаатында 2006-жылдан бери кыргыз тилиндеги этиш сөздөрдүн семантикасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, 2012-жылы «Кыргыз тилиндеги абал этиштеринин табияты жана лексика-семантикалык маанилери» деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.
Кыргыз тили илиминдеги этиштердин семантикасы боюнча бир топ илимий макалалары жарык көргөн: “Морфологиялык материалдарды өздөштүрүүдө текст түзүүгө көнүгүүлөр” (2006), “Эмоционалдык-экспрессивдүү этиштердин өзгөчөлүктөрү” (2010), “Табият кубулуштарын билдирген этиштер” (2010), “Активдүү аракеттик процессти билдирген этиштердин лексика-семантикалык мүнөздөмөсү” (2010), “Ал-абалды туюнткан көмөкчү этиштердин лексика-семантикалык табияты” (2011), “Кыргыз тилиндеги абалды туюндурган этиштердин лексика семантикалык мүнөздөмөсү” (2011), “Этиштин маанилик топтору жөнүндө” (2012), “Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба” романындагы олтур- этишинин семантикалык өзгөчөлүгү” (2012), “Кыргыз тилиндеги табыш тууранды сөздөрдөн жасалган этиштердин семантикасы” (2013), Кыргыз тилиндеги кептик этиштердин лексика-семантикалык өзгөчөлүктөрү (2014), Вербальная структура глаголов состояния в русском и кыргызском языках (2015), Классификация глаголов действия в кыргызском языке (2015), Жусуп Мамайдын “Манас” эпосундагы тууранды этиштердин орду (2016), Кыргыз тилиндеги тур- этишинин лексика-семантикалык өзгөчөлүктөрү (2016), Тилдеги антоним жана омоним (полисемия) кубулушу (2016). Илимий конференцияларга, симпозиумдарга жана форумдарга дайыма катышып, баяндамаларды жасап турат. Окуу жайдын илимий потенциалын жогорулатуу максатында Б.А.Гайыпованын жетекчилиги астында университеттик, аймактык, облустук, республикалык, эл аралык деңгээлдеги илимий конференциялар тез-тез уюштурулуп, жыл сайын студенттердин арасында илим жумалыгы, олимпиада жумалыгы өткөрүлүп, жеңүүчү студенттерди жогорку окуу жайлар арасындагы түштүк аймактык олимпиадага жетектеп барат жана cтуденттердин V түштүк аймактык олимпиадасын БатМУда уюштуруп өткөрдү.
Ар дайым билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп, бир нече сертификаттарды алган: “TeachEx” Жогорку билим берүү академиясынын “Жогорку билимде окутуу технологиялары жана ыкмалары”, “Окутуунун ишмердигин уюштуруунун жана окуу жыйынтыктарды баалоонун заманбап ыкмалары”, “Компетенттүүлүк мамиленин негизинде окуу программаларын түзүү” деген темада квалификациясын жогорулатуу боюнча курстардан өткөн.
ACTED эл аралык бейөкмөт уюму менен “Предотвращение конфликтов путем проведения целевого анализа с участием сообществ в Кыргызской Республике” аттуу долбоордун алкагында чогуу иштешип, бул долбоордун негизинде БатМУ жана Бабаджан Гафуров атындагы Ходжент мамлекеттик университетинин ортосунда билим берүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, университеттердин ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу жана бекемдөө, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана билим берүүдө биргеликте иш алып барууга жетишкендиги жана долбоорго активдүү катышып, чоң салым кошкондугу үчүн USAID жана ACTEDдин Ардак грамотасын алган.
Билим берүү системасында окутуудагы, тарбиялоодогу жана коомдук иштердеги мыкты көрсөткүчтөрү үчүн 2005-жылы Баткен мамлекеттик университетинин, 2010-жылы Баткен облустук мамлекеттик админстрациясынын, ошол эле жылы КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталарына ээ болгон.
2014-жылы прогрессивдүү демилгелер фонду тарабынан уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк Кыргызстандыктардын экинчи жарышында илимдеги жетишкендиктери жана мамлекеттеги орчундуу маселелерди чечүүдө өзгөчө сунуш жана алдыңкы идеяларын берип келе жаткандыгы, ошондой эле илимге кошкон салымы үчүн “АКЫЛ ТИРЕК” наамына ээ болгон.