БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
2016-2017 — ОКУУ ЖЫЛЫНА ТӨМӨНКҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА
АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ
Ж А Р Ы Я Л А Й Т !
Баткен мамлекеттик университети КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2010-жылынын № I-677 каттоодогу АЛ № 589 лицензиясынын негизинде жогорку жана атайын кесиптик билим берүүгө укуктуу.
Азыркы учурда, Баткен мамлекеттик университети бакалавр программасы боюнча 22 багытта адисттерди Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларындагы окуу базаларында даярдайт.
БатМУ БАКАЛАВР ПРОГРАММАСЫ
БОЮНЧА ТӨМӨНКҮ АДИСТИКТЕРГЕ АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛАТ:
БатМУнун Башкы мекемеси
- Табигый-илимий билим берүү (даярдоо профили: Биология)
- Физика-математикалык билим берүү (даярдоо профили: Математика)
- Филологиялык билим берүү (даярдоо профили: Кыргыз тили жана адабияты, Орус тили жана адабияты, Чет тили)
- Социалдык–экономикалык билим берүү (даярдоо профили: Тарых)
- Педагогика (даярдоо профили: Башталгыч класстарды окутуунун методикасы)
- Экономика (даярдоо профили: Финансы жана кредит)
- Дене тарбия
БатМУнун Социалдык-педагогикалык институту
- Табигый-илимий билим берүү (даярдоо профили: Биология)
- Физика-математикалык билим берүү (даярдоо профили: Математика, Информатика, Физика)
- Филологиялык билим берүү (даярдоо профили: Кыргыз тили жана адабияты, Орус тили жана адабияты, Чет тили)
- Социалдык–экономикалык билим берүү (даярдоо профили: тарых)
- Педагогика (даярдоо профили: Башталгыч класстарды окутуунун методикасы)
- Дене-тарбия
- Социалдык иштер
- Колдонмо математика жана информатика
Орто кесиптик билим берүү боюнча:
- Башталгыч класстарда окутуу — 9-11-кл
- Колдонмо информатика (тармактарбоюнча) — 9-11-кл.
- Социалдык-педагогика — 9-11-кл.
- Укук таануу — 9-11-кл
БатМУнун Экономика жана технология институту
- Архитектура
- Курулуш иши
- Экономика
- Транспорттук жараяндардын технологиясы
- Дизайн (даярдоо профилдери: Графикалык дизайн, Интерьердин дизайны, Кийимдердин дизайны);
- Менеджмент
- Компьютердик лингвистика
- Рекреация жана спорттук ден-соолукту чыңдоо, туризм
- Электроэнергетика жана электортехника
Орто кесиптик билим берүү боюнча
- Салык жана салык салуу — 9-11-кл.
- Банк иши — 9-11-кл.
- Экономика жанабухгалтердикэсеп(тармактарбоюнча) — 9-11-кл.
- Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо — 9-11-кл.
- Техникалык эсептөө каражаттарын жанакомпьютердиктармактардытехникалыктейлөө — 9-11-кл.
- Тигүү буюмдарын моделдештирүү жана конструкциялоо — 9-11-кл.
БатМУнун Гуманитардык-экономикалык институту
- Филологиялык билим берүү (даярдоо профили: Кыргыз тили жана адабияты, Орус тили жана адабияты, Чет тили)
- Социалдык–экономикалык билим берүү (даярдоо профили: Тарых)
- Педагогика (даярдоо профили: Башталгыч класстарды окутуунун методикасы)
- Экономика (даярдоо профили: Финансы жана кредит)
- Табигый-илимий билим берүү (даярдоо профили: Биология)
- Физика-математикалык билим берүү (даярдоо профили: Математика)
- Дене тарбия
- Колдонмо математика жана информатика
Орто кесиптик билим берүү боюнча
- Укук таануу — 9-11-кл.
- Салык жана салык салуу — 11-кл.
- Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) — 9-11-кл.
- Жер астындагы пайдалуу кен байлыктарын иштетүү — 11-кл.
- Электрдик станциялар, тармактар жана системалар — 11-кл.
- Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо — 9-11-кл.
- Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик техникаларды тейлөө — 9-11-кл.
Баткен Гуманитардык-экономикалык колледжи:
- Укук таануу — 9-11-кл.
- Финансы (тармактар боюнча) — 9-11-кл.
- Банк иши — 9-11-кл.
- Экономика жанабухгалтердикэсеп (тармактарбоюнча) — 9-11-кл.
- Салык жана салык салуу — 9-11-кл.
- Менеджмент — 9-11-кл.
Сүлүктү Педагогикалык колледжи:
- Мектепке чейинки билим берүү — 9-11-кл.
- Дене тарбия — 9-11-кл.
- Башталгыч класстарда окутуу — 9-11-кл.
- Технология мугалими — 11-кл.
Окуу мөөнөтү
Жогорку бакалавр билим берүү боюнча окуу мөөнөтү: күндүзгү бөлүм (бардык багыттар боюнча) 4 жыл, (Архитектура 5 жыл); дистанттык бөлүм 5 жыл.
Орто кесиптик билим берүү боюнча 9-класстын базасында окуу мөөнөтү — 2 жыл 10 ай;11-класстын базасында-1 жыл 10 ай, сырткы бөлүм — 2 жыл 10 ай.
Баткен мамлекеттик университетине тапшыруу үчүн керектүү документтер
- Ректордун наамына жазылган арыз;
- Орто билими же атайын орто окуу жайын, же жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндөгү аттестатынын же дипломунун түп нускасы;
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн Сертификаты
- 3×4 өлчөмүндө 6 даана сүрөт;
- Паспорттун же күбөлүктүн көчүрмөсү