Университет жөнүндө

0

Баткен мамлекеттик университети 15 жыл мурда жаңы түзүлгөн Баткен областынын социалдык-экономикасын, маданиятын өнүктүрүү жана аймактын  жогорку билимдүү кадрларга болгон муктаждыгын канааттандыруу максатында ачылган.

Баткен мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы №190 Указы менен Ош мамлекеттик университетинин Кызылкыя филиалынын, Ош технологиялык университетинин Кызылкыя филиалынын, Ош технологиялык университетинин Сүлүктү филиалынын, Ош мамлекеттик университетинин Сүлүктү филиалынын, Оштогу жогорку педагогикалык колледжинин Сүлүктү филиалынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин окуу-консультативдик пунктунун базасында башкы мекемеси Баткен шаарында жайгашуу менен Баткен мамлекеттик университети түзүлгөн.

Баткен жергесинде бирден-бир жогорку билим берүүнүн, илимдин, маданияттын булагына айланган окуу жайыбыздын өзгөчөлүгү – жергиликтүү элдин турмуш шартына жана Баткен облусунун географиялык абалына байланыштуу анын структуралык бөлүмдөрү жер-жерлерде ачылгандыгында Сулукту шаарында Гуманитардык-экономикалык институту (ГЭИ), Кызылкыя шаарында Экономика-технологиялык институту  институту (ЭТИ), жана ошондой эле Социалдык педагогикалык институту (СПИ) жайгашкан. Баткен шаарында университеттин башкы мекемеде Табият таануу жана педагогика факультети  өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

 

Баткен мамлекеттик университети 15 жыл ичинде жогорку билим берүү системасында бардык талаптарга жооп берген, өзүнүн өнүгүү стратегиясынын алкагында иш алып барган, жогорку окуу жайлардын арасында өз орду бар окуу жайга айланды.

Бүгүнкү күндө окуу жай өз кесибин сүйгөн, өзүнө ишенген, адеп-ахлактуу, коом алдында өз жоопкерчилигин сезе билген, заманбап иш талаптарына жооп берген жогорку билимдүү, сапаттуу адистерди даярдоого багытталган салттарын жана өзгөчөлүктөрүн аныктаган.

Окуу жайда 500 дөн ашуун окутуучу эмгектенип, 8000 ден ашуун  студент билим алышат. БатМУ 15 жылдан бери Баткен областынын аймагында жайгашкан ишкана-мекемелерди мыкты даярдыктагы кадрлар менен камсыздоодо чоң роль аткарат. Окуу жылынын башында окутуучулар менен 1 жылга келишим түзүлүп, аттестациялоо өткөрүлүп, ваканттык орундарга конкурстук негизинде кабыл алынат жана кадрлардын илимий потенциалын жогорулатуунун үстүндө да такай иш алып барылып, профессордук-окутуучулар курамынын жемиштүү иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Окутуунун жаңы инновациялык усулдарын окуу процессинде пайдаланууну жакшыртуу үчүн бир нече семинарлар болуп, ага профессордук-окутуучулар курамы активдүү катышып келүүдө жана ар кандай коомдук уюмдар тарабынан түрдүү программалар боюнча курстар уюштурулуп, БатМУнун тажрыйбалуу окутуучулары сабак өтүп келүүдө.

Учурда жогорку кесиптик билим берүү программасы боюнча профессордук-окутуучулар курамынын жалпы саны – 232 болуп, анын ичинен: 5 илимдин доктору, профессор, 1 Кыргыз ССРнин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, 51 илимдин кандидаттары, доценттер, 9 илимдин кандидаты, ага окутуучулар, 1 илимий наамы жок, доценттин м.а., 167 ага окутуучу, окутуучулар эмгектенүүдө. Ал эми атайын орто кесиптик билим берүү программасы боюнча жалпы 338 окутуучу, алардын ичинен 4 илимдин кандидаты бар бар.

Кесипкөй адистерди даярдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн: заманбап техникалык каражаттар, интерактивдүү доскалар менен жабдылган, атайын адистештирилген окуу лабораториялары, кааналары, интернет түйүнүнө туташтырылган компьютердик класстар, спорттук зал, аянтчалар ж.б.

Окуу аудиториялары лекциялык, семинардык сабактарды өтүүгө ылайыкташтырылып, тийиштүү эстетика-лык, окуу усулдук жасалгаланып, окуу процесси үчүн керектүү каражаттар менен камсыз болгон. Кааналардын жабдылышы студенттердин билим алуусуна, чеберчилигин калыптандырууда оптимал-дуу шарттарды камтыган.

Учурда университеттин түзүмүндө жалпысынан 3 институт, 1 факультет, 2 колледж, 3 орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрү, 1 мектеп лицейи, 1 базалык мектеп иш алып барат.

Жылдан-жылга профессордук-окутуучулар курамынын илимий педагогикалык деңгээли бекемделип, окуу- маалыматтык жана материалдык- техникалык базасынын көлөмү жана сапаты жогорулоодо: окуу процесси БатМУнун жеке менчигиндеги 17 жана ижарада турган 3 окуу имаратында жүргүзүлөт.

Окуу процессин уюштурууда заманбап маалыматтык технологиялар кеңири колдонулат. Студенттерди окутууда билим берүүнүн калыптанган формаларынан башка лекциялык, практикалык, семинардык жана лабораториялык сабактарды уюштуруу-нун мурдагы формалары замандын талабына ылайыкташтырылуу менен бирге азыркы учурдагы интерактивдүү усулдар кеңири колдонулат.

Кафедраларда адистиктин багытына карап, адистиктердин окуу планына ылайык студенттердин адистикке байланышкан окуу-таанышуу, педагогикалык, өндүрүштүк, мамлекет-тик практикаларынын өтүлүшүн жетектейт. Жогорудагы практикаларды өткөрүү үчүн Баткен облусунун аймагындагы мекеме-ишканалар менен бирдикте иштөө үчүн келишимдер түзүлгөн. Практикалардын мөөнөтү окуу жылынын башында окуу процессинин графигин пландаштырууда бекитилип, алдын-ала кафедралардын кеңешмесинде жетекчилер тарабынан түзүлгөн практиканын программасы боюнча жүргүзүлөт.

Share.