Социалдык-педагогикалык институту

0

Учурда өлкөбүздүн приоритеттүү милдеттеринин бири болгон жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо менен, алардын сапатын жогорулатуу аркылуу жалпы Кыргыз Республикасынын бардык  аймактарында кадрдык жетишсиздикти жоюу болуп саналат. Ошол максатта КР түштүк-батыш чөлкөмүндө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын келечек муундарынын сабатсыздыгын жоюу менен билим берүү жаатындагы кадрларды даярдоочу жогорку окуу жай катары Кызыл-Кыя шаарындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институттун жааматы эмгектенишүүдө.

БатМУнун социалдык-педагогикалык институту Ош мамлекеттик университетинин (Ош МУнун) окуу-консультациялык  түйүнү (ОКТ) катары 1997-жылы уюшулган. Ал эми 1998-жылдын 28-майында ОшМУнун ректору, академик, х.и.д., профессор Б.Мурзубраимовдун №46 буйругунун негизинде ОшМУнун  Кызыл-Кыя филиалына (ККФке) айландырылат. 2000-жылы ОшМУнун Кызыл-Кыя филиалы Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы гуманитардык-педагогикалык институту  болуп өзгөрөт.

image001

Бүгүнкү күндө институтту кеңейтүү башкаруу ийкемдүүлүгүн арттыруу жана дубандын кадрдык мүдөө-муктаждыктарына шайкеш жаңы  адистиктерди  ачуу  багыттарында бир катар олуттуу  иштер жүргүзүлүүдө.

Эртеңки билим берүү мекемелерине, өндүрүшкө, чарбага же башка ишканаларга баруучу адистин кесиптик даярдыгы окуу жайдын илимий-педагогикалык кадрларынын сапат деңгээлине тике көз каранды. Окуу жайда жогорку билим берүүдө 66 окутуучу, алардын ичинен: 2 илимдин доктору, профессорлор, 7 илимдин кандидаты доценттер, 10 илимдин кандидаты ага окутуучулар. 46 окутуучулар, ал эми атайын орто кесиптик билим берүү боюнча 18 окутуучу эмгектенишет.

Окутуучулар тарабынан окуткан дисциплиналардын окуу-усулдук комплекстери түзүлүп, AVN ИСна жүктөлүп, аралыктан окутууда on-line, off-line сабактарын уюштурууга жетишишти.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим башкармалыгы тарабынан тейлеген илим изилдөө грантты институттун кызматкерлери тарабынан жазган проект утуп алынган болчу. Мында   гуманитардык багытындагы 2012 жана 2013-жылдардагы илимий грантка факультеттин окутуучулары: М.М.Тайиров, Жалилов А, Миталипов К, Таиров Х, Азимбаев Б, У.Орунбаев, ж.б. катышып илимий изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Бүгүнкү күндө аталган окуу жайда жогорку кесиптик билим берүү боюнча күндүзгү жана сырттан окутууда 1438студент, атайын орто кесиптик билим берүү боюнча 417 студент билим алып жатышат

ЖОЖду башкаруудагы демократиялык формалар катары эсептелинген коомдук уюмдар тарабынан (кураторлук кеңеш, студенттик сенат, ж.б.) окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу багытында  окуу иштери менен шайкеш иш жүргүзүлөт.

Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануу максатында окутууга шарттар түзүлүп, институттун карамагында бир нече компьютердик класстар бар. Бул класстарда 26 персоналдык компьютерлер, 3 лазердик принтер, 2 ноотбук, Hub, Wi-Fi-роутер, 1 проектор жана анын доскасы, маркердик доска менен жабдылган, ал эми 220-компьютердик класска Jasin аттуу TV  жайгаштырылган. Институт  тейлеген профилдерде билим алып жатышкан студенттер үчүн аудиториялык аянт талапка  жооп берет. ХХ кылымдагы  орустун улуу инсандарынын бири, адабиятчы, академик Д.С. Лихачев: «Китепкана – маданияттын пайдубалы», – деген. Билим берүүдөгү китептин ролун эч бир каражат алмаштыра албайт. Институттун  китепканасындагы китеп фонду 50 миң нускадан ашык, 3 окуу, 2 абонементтик тейлөө залдары  студенттердин жана окутуучулардын кызматында. 80 орундуу студенттик ашкана жана медициналык пункт иштейт.

Институт боюнча: 5 факультет, 1 кесиптик орто билим бөлүмү,  1 маалымат технологиялар бөлүмү, жаштар комитети жана 7 кафедра иш алып барат.

image003

БатМУнун Социалдык- педагогикалык институту төмөнкү  адистиктерди даярдайт.

 Педагогикалык факультет:

  • Педагогика профили;
  • Дене тарбия профили;
  • Математика профили;
  • Физика профили;
  • Информатика профили;
  • Биология  профили;
  • Химия профили;

Гуманитардык факультет:

  • Кыргыз тили жана адабияты профили;
  • Орус тили жана адабияты профили;
  • Англис тили профили;
  • Тарых профили;

Табият таануу жана математика факультети:

  • Физика;
  • Математика;
  • Химия;
  • Колдонмо математика жана информатика;
  • Биология;
  • География;

  Филология факультети:

  1. Кыргыз тили жана адабияты;
  2. Орус тили жана адабияты;
  3. Англис тили;

     Гуманитардык-педагогикалык факультети:

  • БББ методикасы;
  • Тарых;
  • Социалдык иштер.
Share.