Окуу иштери боюнча проректор

0

кандидат.филол.наук, доцент

Образование: высшее, 1985-1990 гг. Фрунзенский педагогический институт русского языка и литературы

Ученое звание, ученая степень: к.ф.н., доцент (2005 г.)

Научная работа: более 20 научных статей по сопоставительной типологии кыргызского и русского языков,

1 монография, 5 учебно-методических пособий

БатМУ – келечекке багыттаган окуу жай

Ар бир мектеп бүтүрүүчүсүнүн алдында эң жоопкерчиликтүү учур бул турмуш жолун, келечек адистигин адашпай тандоо учуру болуп эсептелет. Эң маанилүүсү туура чечим кабыл алуу, анткени сүйүктүү кесибиңде иштөө инсан үчүн – өзгөчө бакыт, ал -ийгиликтүүлүктүн башаты.

Университет – бул инсандын өнүгүүсүндөгү сапаттуу жаңы этапка өтүү мезгили. Билим – ар бир адамдын руханий өнүгүп-өсүүсүнүн, кесиптик жана турмуштагы жетишкендигинин фундаменти.

Профессионалдык карьеранын өсүшү окуу жайдан башталат, ошондуктан максаттуулук, эмгекчилдик, умтулуучулук сапаттар билим алып жатканда коштоп туруусу зарыл.

Студенттик жылдар эң мазмундуу: алар көңүлдүү да, оор дагы, анткени жогорку окуу жайда бир нече жылда билим алуу менен бирге келечекте өзүн адис катары көрсөтүү үчүн бир канча жөндөмдүүлүктөрдү өздөштүрүп, чыгармачылык жана өздүк максаттарды ишке ашыруу үчүн умтулуу керек.

Ошол себептен БатМУ биринчи кадамдарынан баштап эле сапаттуу билим берүүгө, илимий-педагогикалык курамынын квалификациясынын деңгээлине, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүнө жогорку талаптарды коюп келүүдө.

Окуу жайдын 16 жылдан берки жакшы саамалык, ийгилик жана жетишкендиктерин анын 20 миңден ашык бүтүрүүчүлөрү баалап келүүдө. Бүгүнкү күндө БатМУнун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын ар кандай тармактар боюнча муктаждык-талаптарын канааттандырып, керек, зарыл болгон адистер менен камсыз кылууда. Алар мамлекеттик, коммерциялык, билим берүү жаатында, банк жана компаниялык мекеме-уюмдарда эмгектенип келүүдө. Көптөгөн бүтүрүүчүлөрүбүз өз ишканаларын ачып, аны өркүндөтүп жана эффективдүү алып барууда. Эң негизгиси БатМУнун бүтүрүүчүлөрү кайсы гана тармак болбосун талаптуу адистер, ошондой эле алар бардык тармак-чөйрөлөрдө ийгиликтерди багындырган жаш муундун таланттары.

Биздин университет профессионалдык жана руханий өсүүгө умтулган ар бир инсанга жогорку билим берүү үчүн бардык күчүн жумшап келүүдө. Биз бүгүн бир жерде туруп калбастан инновациялык өнүгүү жолуна түшкөнбүз. Ошол себептен бизге жаш жана таланттуу инсандар керек.

БатМУга келип билим алуу менен сиз келечекке туура багыт аласыз.

 

Share.