Гуманитардык-экономикалык институту  

0

Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) окуу-консультациялык түйүнү (ОКТ) катары 1997-жылы уюшулган. Ал эми 1998-жылдын 30-майында ОшМУнун ректорунун №48 буйругунун негизинде ОшМУнун Сүлүктү филиалына айландырылат

2000-жылы ОшМУнун Сүлүктү филиалы Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институту  болуп өзгөрүлөт.

image002

 

БатМУнун гуманитардык-экономикалык институтунда     жогорку билим берүү программасы боюнча   933 студент,  анын ичинен күндүзгү бөлүмдө  307 студент, сырткы бөлүмдө 626 студент, орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө күндүзгү бөлүмүндө 286 студент, сырткы бөлүмүндө 281 студент, жалпы саны 567,  жалпы институт жана орто кесиптик билим берүү бөлүмү боюнча 1500 студент билим алып жатышат. Студенттерге билим берүү  кыргыз   жана  орус тилдеринде, англис тили адистигинде  англис тилинде  жүргүзүлөт.

 

Институттун структурасында 1 факультет,  дистанттык  жана сырткы окуу бөлүмү, 3 кафедра жана орто кесиптик билим берүү бөлүмү иш алып барууда.  Жогорку окуу жайында  40  профессор-окутуучу эмгектенишет анын ичинен: 2 илимдин доктору, 2 профессор, 12 илимдин кандидаты, доцент,   6 ага окутуучу,   20 окутуучу эмгектенет. Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө 32 окутуучу эмгектенет.

Окуу-методикалык иштер окуу процессинде талаптарга жооп берет. Студенттерге жогорку сапаттагы билим берүү үчүн өзгөчө көңүл бурулат, башкача айтканда ачык сабактарды талкуулоо, график боюнча студенттер менен өз алдынча жана жекече иш алып баруу жакшы жолго коюлган. Иновациялык методорду иш жүзүнө ашырууда атайын иштер жүргүзүлөт. Экономика жана информациялык жаңы технологиялар, инженердик-техникалык факультеттер менен тажрыйба алмашуулар жүргүзүлүп турат.

image006

image003

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыл сайын институттун кызматкерлери тарабынан көптөгөн илимий жана окуу адабияттары (монографиялар, окуу методикалык иштелмелер, макалалар, тезистер, докладдар ж.б.) жарык көрүп турат. Институттун профессордук-окутуучулар жамааты илимий-теориялык, илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды, симпозиумдарды бат-бат уюштуруп, университеттик, регионалдык, республикалык, эл аралык конференцияларга активдүү катышып турушат.

image008

Институттун китепканасындагы китеп фонду 49660 нуска, 3 окуу, 2 абонементтик тейлөө залдары студенттерге жана окутуучуларга кызмат кылат. 80 орундуу студенттик ашкана жана медициналык пункт иштейт. Студенттер үчүн 120 орундуу жатакана бар. Жатакана өз ичине өздүк гигиена үчүн атайын бөлмөнү, окуу залын, теле залын жана медпунктту камтыйт. Студенттик кеңештин демилгеси менен жатаканада маданий-массалык, адеп-ахлактык тарбия иш-чаралары байма-бай уюштурулуп турат. Окуу жайдын окумуштуулар кеңешинин токтомуна ылайык тоголок жетимдер, толук эмес жетимдер, үй-бүлөдө аз камсыз болгон студенттер жатаканага төлөнүүчү акча каражатынан бошотулат.

image004

image005

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БатМУнун Гуманитардык-экономикалык институту төмөнкү  адистиктерди даярдайт.

  Жогорку билим берүү программасы боюнча

  • Кыргыз тили жана адабияты;
  • Орус тили жана адабияты;
  • Англис тили;
  • Тарых профили;
  • Математика;
  • Биология
  • Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу
  • Колдонмо математика жана информатика;
  • Финансы жана кредит;
  • Кыймылды уюштуруу жана анын коопсуздугу

 Жогорку билим берүү программасы боюнча

  • Филологиялык билим берүү (даярдоо профили: Кыргыз тили жана адабияты);
  • Филогиялык билим берүү (даярдоо профили: Орус тили жана адабияты);
  • Филогиялык билим берүү (даярдоо профили: Англис тили);
  • Социалдык Экономикалык билим берүү (даярдоо профили: Тарых);
  • Табигый-илимий билим берүү (даярдоо профили: Биология);
  • Педагогика (даярдоо профили: Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу);
  • Дене тарбиясы (даярдоо профили: Дене тарбия);
  • Экономика (даярдоо профили: Финансы жана кредит);
  • Колдонмо математика жана информатика
Share.