Экономика-технологиялык институту

0

БатМУнун экономика, укук жана технология институту 23-октябрда 1995-жылы Кыргызстандын Түштүк батыш регионунда жогорку билимдүү экономикалык, техника технологиялык багыт боюнча адистерди даярдоо максатында  ачылган. 2000-жылдын июлунан тартып ОшТУнун Кызыл-Кыядагы технологиялык, экономикалык жана укук институту Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы №190 Указы менен жаңыдан түзүлгөн Баткен мамлекеттик университетине структуралык бөлүм болуп кошулган.

Окуу жайдын негизги максаты азыркы убакыттагы компьютердик технологиянын жана сапаттуу билим берүү негизинде мамлекет жана регион үчүн жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо болуп эсептелет. Ошондой эле эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди, чыгармачылык менен ой жүгүртө алган жана өзүнүн билимин ар түрдүү учурларда оңой колдоно билген, инициатор, ишкер, коммуникациялуу кадрларды сапаттуу даярдоо.

Баткен областында түстүү металлдардын, көмүр, нефти газдын жана курулуш материалдарын өндүрүү үчүн сырьөлордун чоң запастары бар. Айыл чарба продукциясын өндүрүү да жакшы өнүккөн.

Ошондуктан жогорку теориялык даярдыгы бар, адистиги боюнча билими күчтүү маалыматтык технологиялар менен иштей билген инженердик, технологиялык багыттагы жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча адистерди экономисттерди, өндүрүштү уюштуруучу жана башкаруучуларды даярдоо актуалдуу маселе болуп эсептелет.

БатМУнун алдындагы бул окуу жайы түзүлгөндөн бери күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнөн түрдүү адистик боюнча 2000 ден ашуун жогорку билимдүү адистер бүтүп чыгышкан. Бүтүрүүчүлөр азыркы учурда Кызыл-Кыя шаарынын, Кадамжай, Ноокат, Араван, Баткен райондорунун жана кошуна өлкөлөрдө мектептерде, ишканаларда, өнөр жайларда ж.б.  тармактарда эмгектенип келе жатышат.

Бүгүнкү күндө университетте эмгектенген профессордук-окутуучулар курамынын жалпы саны 49, алардын ичинен: 2 илимдин доктору, профессор,  15 илимдин кандидаттары, доценттер,  32 ага окутуучу, окутуучулар. Илимий даражасы бар окутуучулар жалпы профессордук-окутуучулар курамынын  35% ын түзөт. Кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө 33 мугалим: 1 т.и.к., доцент, 12 ага окутуучу, 10 окутуучу эмгектенүүдө.

image002

Окуу жайдын материалдык-техникалык жана лабораториялык базасы канааттандырарлык: окуу процесси БатМУнун жеке менчигиндеги 6 окуу имаратында, 1 заманбап спорт залында  жүргүзүлөт, анда талапка ылайыктуу көрсөтмө куралдар менен жабдылган окуу – лабораториялык аудиториялары, адистиктерге тиешелүү атайын кааналары бар, жалпы окуу-лабораториялык базанын аянты – 21650 м2 түзөт.

Институттун структурасында  3 факультет, 16 кафедра иш алып барат. Интернет класстар, акыркы моделдеги компьютерлер менен жабдылган  заманбап компьютердик класстар уюштурулган. Иштөө кааналары, окуу залдары, китепканалар, маалымат-ресурстук борборлору интернетке туташтырылган. Алардын жардамында институттун окутуучу-профессордук жамааты илимий жана методикалык иштерин аткарышып, студенттер өздөрүнө керектүү ар түрдүү маалыматтарды ала алышат жана курстук долбоорлорду, дипломдук иштерди аткарууда пайдаланышат.

Эл аралык, мамлекеттик жана аймактык долбоорлор, инновациялык программалар аткарылып, илимий-өндүрүштүк, маалыматтык жаңы ачылыштар эл чарбасында  колдонууга киргизилүүдө. Илимий конференциялар, симпозиумдар, семинарлар, тегерек столдор ж.б. байма-бай уюштурулуп турат. Коомдун өнүгүүсүндө актуалдуу мааниси бар багыттар  боюнча илимий изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Институттагы профессордук-окутуучулар тарабынан жыл сайын монографиялар, окуу-усулдук колдонмолор, 100дөн ашык илимий макалалар жарык көрүп турат.

Жыл сайын өткөрүлүүчү конференцияларга, предметтик олимпиадаларга, социалдык, экономикалык, технологиялык, табигый, гуманитардык жана педагогикалык илимдер боюнча Республикалык деңгээлдеги илимий долбоорлор конкурстарына студенттер активдүү катышып келет.

Институттун студенттери чет өлкөлөрдөн технологиялык практикадан өтүштү. 1 студент Швециянын Сандгвинен шаарындагы машина куруу заводунда 4 айлык практикадан, 2 студент Германиянын Гонновер жана Магдебург шаарларындагы лазердик борбордо 6 айлык практикадан өтүп келишти. 2001-жылы 2 студент Германиянын Дрезден шаарында 4 айлык технологиялык практикада болушту. 2001-жылы Монголиянын Усухсурен Балжиннян техникалык университетинин 1 студенти институттун маалымат-ресурстук борборунда 2 айлык практикада болуп кайтты.

Кызылкыя шаардык мамлекеттик администрациясынын жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн макулдугу менен окумуштуулар кенешинин чечиминин негизинде 1997-жылы 1-октябрында институттун алдында мектеп-лицейи ачылып, билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия алган.

Маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү, эл аралык байланыштарды кенейтүү, ЖОЖдор боюнча маалыматтар банкын түзүү, студенттерге жана институтта иштегендерге консультациялык жардам көрсөтүү максатында маалымат-ресурстук борборлор ачылган. Ошондой эле студенттерге жана окуучуларга квалификациялуу медициналык кызмат көрсөтүүдө жана санитардык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн институтта ден соолук борбору уюштурулган. Бул борбордо студенттерди медициналык кароодон өткөрүшөт. Азыркы учурда ден-соолук борборунда төмөнкү поликлиникалык бөлүмдөр иштеп жатат: врачтык кабинет, процедуралык кабинет жана картотека. Келечекте поликлиникалык база дагы да кеңейтилет.

Түштүк аймагындагы 12 жогорку окуу жайларынын ичинен институттун спортсмендери 6 жолу кубоктун ээси болушкан. Институтта Ноокат, Кадамжай, Араван райондорунан жана Кызылкыя шаарынан баардыгы болуп 22 команда катышкан волейбол боюнча турнир өткөрүү салтка айланып калган.

БатМУнун экономика жана технология институту төмөнкү  адистиктерди даярдайт.

«Экономика, башкаруу жана укук» (ЭБУФ) факультети төмөнкү адистиктерди даярдайт:

  • Каржы жана кредит;
  • Салык жана салык салуу;
  • Экономикадагы математикалык усулдар;
  • Бухгалтердик эсеп жана аудит;
  • Менеджмент;
  • Бажы иши;
  • Экономика (багыт боюнча)

«Инженердик-технологиялар жана педагогика» (ИТПФ) факультети төмөнкү адистиктерди даярдайт:

  • Жол коопсуздугун уюштуруу;
  • Информатика эсептөө техникасы;
  • Электр камсыздоо;
  • Колодонмо информатика;
  • Котормо жана котормотаануу;
  • Баштапкы аскерге чейинки жана дене тарбия даярдыгы;
  • Профессионалдык окутуу;
  • Архитектуралык чөйрөнүн дизайны (багыт боюнча);
  • Архитектура (багыт боюнча);
  • Курулуш (багыт боюнча);

Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө төмөнкү адистиктерди даярдайт:

  • Экономика жана бухгалтердик эсеп.; Салык жана салык салуу.
  • Электр менен камсыздоо;
  • Компьютер түйүндөрүн техникалык жактан жабдуу жана тейлөө;
  • Авто унааларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо;
  • Тигүү буюмдарын конструкциялоо жана моделдештирүү;
  • Банк иши;
  • Дене тарбиясы.

 

Share.