Баткен мамлекеттик университетинин ректору

0

Зулпуев Абдивап Момунович 1958-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында туулган, кыргыз, билими жогорку, техника илимдеринин доктору, профессор. Баткен мамлекеттик университетинин ректору.

100 илимий эмгектердин автору, алардын ичинде 3 окуу куралдары, 9 монография, 8 окуу-методикалык колдонмо жана 1 патенттин ээси. 2000-2005-жылдары Ош областтык Кеңешинин депутаты, 2008-2012-жылдары  Кызыл-Кыя  шаардык  Кеңешинин депутаты. “Ош – 3000” төш белгисин ээси, КРнын билим берүүнүн мыктысы, КРнын профсоюздук кыймылынын федерациясынын мыктысы.

Билим алуу – ар бир инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүүсүнө, өз алдынча турмуш жолуна түшүүдө кесиптик жактан калыптанышына өбөлгө түзөт. Билим берүү системасы жаш жарандарга билимин күндөн-күнгө тереңдетүүнү эмес, жашоодо ийгиликке жетишүүгө жардам бере турган тажрыйбаны сунушташы керек. Билим берүү системасынын экономикалык функциясы учурдагы эмгек базарынын талаптарына жооп берген акылдуу кадрдык потенциалды түзүү болуп саналат.  Эгемендүүлүктүн шарапаты менен  Кыргызстанда жаштарга жогорку билим берүү иши бир кыйла жандандырылып, борбор калаа-быздан 1000 чакырымга жакын алыстыкта жайгашкан Баткен чөлкөмүндө  кеңири  профилдеги  билим бере турган Баткен мамлекеттик универ-ситети ачылган.  Мезгилдин талабына ылайык алгач Баткен облусу уюшулуп, облуска эң керектүү болгон кадрларды, адистерди даярдоо жана илимди, билимди  өнүктүрүү үчүн жогорку окуу жайыбыздын ачылышы зарыл болчу. Анткени жогорку билим берүү менен Баткен облусунун, жалпы эле Кыргызстандын экономикасын, илимий-чөйрөсүн, маданиятын, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн дүйнөлүк масштабдагы стандарттардан кем калбаган  илим, билим чөйрөсүн камсыз кылыш керек. Ошондой эле облусубуздун аймагындагы 10 миңге жакын мектеп бүтүрүү-чүлөрүнө Баткен чөлкөмүндө жогорку окуу жайынын ачылышы эң сонун шарт болду.

БатМУ алгач ачылгандан баштап, студенттерге сапаттуу билим берүүгө, профессордук-окутуучулар курамы-нын сапаттык көрсөткүчүн жана квалификациясын жогорулатуу менен алардын чыгармачылык жөндөмдүү-лүгүн арттырууга негизги көңүл бурулуп, билим берүү жаңыча изденүүчүлүк, жаңы идеялар менен коштолуп, заманга, ааламдашуу алкагына ылайык иш алып барууга аракеттер жасалып жатат. Кыска убакыттын ичинде университеттин мезгил талабына ылайык адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү артып, профессордук-окутуучулар курамы-нын илимий потенциалы, окутуунун техникалык каражаттар жана жабдуулар менен камсыз болушу кескин жогорулап, өлкөбүздөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарына кошулду.

Бүгүнкү жашообузда баарыбызды кайдыгер калтырбай жаш муундарды тарбиялоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып Баткен мамлекеттик университетини ар тараптуу өнүктүрүү биздин негизги милдетибиз экендигин унутпасак.

Келечекте Баткен мамлекеттик университетин алдыңкы окуу  жайлардын катарына кошуу үчүн төмөнкү иштерди аткаруу менен жетишүүгө болот:

  1. Окуу жайдын атын чыгарган- биздин университет деп сыймыктана турган башкы мекемеге заманбап имарат куруу, ошол эле мезгилде тышкы байланышты ар тараптуу күчтүү менен профессордук окутуучулар курамынын жана студенттердин илим билимин жогорулатуу аркылуу сапаттуулукка жетишүү, Баткен мамлекеттик университетини окумуштуулар кеңешинин чечимдери аркылуу илимий наамдарды ыйгарууга жана илимий жетишкендиктерди таануу үчүн Жогорку аттестацаялык комиссиясынын каттоосунан өткөрүүгө жетишүү.
  2. Жаңы үлгүдөгү заманбап компьтерлер аркылуу материалдык- техникалык базаны чыңдоо, интернет түйүндөрүнө жер-жерлердеги структуралык бөлүмдөрдү туташтыруу менен башкарууну on-line режиминде жүргүзүү.
  3. Президент жана министр тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды тактап айтканда адистиктерди оптимизациалоо боюнча багытталган иштерди чечүү максатында аралыктан окутууну жолго койуу.
  4. Студенттерге ар тараптуу ыңгайлуу шарттарды түзүү менен сапаттуу билим алуусун камсыз кылуу аркылуу Баткен мамлекеттик университетин «Окуу жайым-менин сыймыгым» статусуна жеткирүү.
  5. Келечек муундарды тарбиялоодо негизги приаритеттүү маселе катары БатМУнун профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн ар тараптуу  шарттарды түзүү. Ошондой эле профессордук-окутуучулар курамынын эмгек акыларын көтөрүү менен БатМУда 5 жылдан ашык иштеген эжеке агайлардын күнзүзгү бөлүмдө окуган балдарын контрактык төлөмдөн бошотууга жетишүү.
  6. Университетте билим алып жаткан, келечек ээлери болгон, эң мыкты окуган, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн, спорт чеберлерин, тоголок жетимдерди жана майып студенттерди контрактык төлөмдөрдөн жеңилдиктерди көрсөтүү.
  7. Университеттин жер-жерлердеги окуу-түзүмдүк бөлүмдөрү (институттары) уюшулгандан бери өзүн-өзү каржылап, иш орундарын түзүп мамлекетибизге кадрларды даярдоодо профессордук-окутуучулар курамы чоң эмгектерди жасап келишүүдө,андыктан министрлик жүргүзүп жаткан реформаларды аткаруу менен институттарды келечекте сактап калуу.
  8. Баткен мамлекеттик университетинде жаңы адистиктерди ачуу менен обласыбыздагы ишкана-мекемелеринде жана мектептерде жаралып жаткан кадр таңсыктыгын чечүү.

Ошондуктан жогорудагы айтылгандай көйгөйлөрдү чечүү, койулган талаптарды аткаруу максатында баарыбыз биргеликте, Манас атанын осуятында айтылгандай  «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» БатМУнун жаркын келечеги үчүн коом алдындагы жоопкерчиликти сезип, коррупцияга жол бербей, күчтүү тартипти сактоо менен биримдикте иштесек гана жетише алабыз.

 

 

 

Share.