Баткен гуманитардык экономикалык колледжи

0

Баткен мамлекеттик университетинин ректорунун 2006-жыл 30-августундагы буйругу менен “Экономика жана тарых” факультетинин базасында БатМУнун алдындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмү уюшулган. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 7-августундагы № 487/1 буйругунун негизинде бул бөлүм “Экономика жана укук” колледжи болуп түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2011-жылдын 21-январындагы № 40/1 буйругуна ылайык БатМУнун ректорунун 2011-жылдын 12- майындагы    № 66/ 0 буйругу менен БатМУнун алдында өзүнчө юридикалык жак болуп, Баткен гуманитардык-экономикалык колледжи түзүлгөн.

image002

Окуу жайдын негизги максаты учурдун талабына жооп берген атайын кесиптик орто билимдүү адистерди даярдоо болуп саналат.

Негизги милдети:

–  Тандалып алынган областта инсандын керектөөсүн канааттандыруу;

–   Адистердин жогорку маданиятын жана жарандык активдүүлүгүн өркүндөтүү;

–   Адистерди даярдоодо илимдин өнүгүүсүн эске алган жаңы усулдарды кийирүү;

Колледжде окуу процессин уюштуруу үчүн 2 окуу корпусу, 3 окуу залы, бир усулкана жана 3 спорттук залдар: бокс, волейбол, баскетбол; 3 спорттук: волейбол, кичи футбол, баскетбол аянтчалары, жана 2 ашкана,  бар. Мындан тышкары китепкана, студенттер үчүн окуу залы,  электрондук китепкана кызмат көрсөтөт.

image003

image004

 

 

 

 

 

 

 

Окуу жайдын окутуучулары милдеттүү түрдө окуу процессине окутуунун жаңы технологияларын киргизүү боюнча иш алып барышат. Билимин жогорулатуу максатында окутуунун инновациялык методдору боюнча түрдүү семинарлардан өтүшүп, тажрыйба алмашуу иштери жолго коюлган.

image005

image006

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен гуманитардык экономикалык колледжи төмөнкү  адистиктерди даярдайт.

  • УКУК ТААНУУ
  • УКУК КОРГОО ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
  • ЭКОНОМИКА, БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП (тармактар боюнча).
  • ФИНАНСЫ  (тармактар боюнча)
  • БАНК  ИШТЕРИ
  • САЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУ
  • МЕНЕДЖМЕНТ                            
Share.